1998

Башталышы

Болгону 15 жыл мурун “Пионер” кыштагы ташталган деп эсептелип, тагдыры мүрзөлөрү гана калган "Алмалы", "Кульбаш", "Урняк"деген кыштактарындай болмок. Сафиуллин Вазих Лотфуллович жана анын уулу Айрат, анын бир туугандары Сафиуллин Нияз жана Рамиль болбогондо, алар бир катар жылдардан бери чыныгы советтик аталышы бар кыштакты – өз ата-бабаларынын кичине мекенин кайра жаратуусу менен алектенип келишет.

Аталган кыштак Арск районунда "Новый Кырлай" деген кыштактын арт жагында, кыштактар арасындагы жол менен 5 чакырым жерде жайгашкан. Өз убагында бул жерде клуб, дүкөн, башталгыч мектеп бар болчу. Ал эми жергиликтүү чарбада көп сандаган койлорду кармап, тоок багышкан. Бирок өткөн кылымдын 70-жылдары ал келечеги жок кыштактар катарына кирип калган эле. Ошол убактан тартып кыштак өнүкпөй, ал эми оор өткөн кылымдын 90-жылдары “Пионер” анда туруктуу бир гана адам жашап калган деңгээлге жеткен. 

- Билесиңерби, туулган кыштагың жок болуп бара жатканын байкап туруу кандай оор, - деп айтат Айрат Сафиуллин. – ташталган үйлөр, аларды кимдир-бирөө отунга ташып жатканы, жарык жок, айлананы чалкан, отоо чөп жана шыбак каптаган. Менин ата-энем экөө тең бул жерден, “Пионерден” менин эң жылуу жана жагымдуу элестерим калган. Болгон мектеп каникулдарын мен ушул жерден өткөрчүмүн.

2003

Айыл ойгонуу

Сафиуллиндер биринчи ирет Айрат Вазиховичтин атасынын үйү турган жерге жалпы аракет менен жаңы үй курушту. Так мурдагы үйдөй үй. Чоң иштин башаты баш алган. Календарда 2003-жыл болчу. Андан көп өтпөй калк отрукуташкан жерлерге газ өткөрүү республикалык программасынын алкагында кыштакка газ берилди. Свет өткөрүлүп, борборлошкон суу менен камсыздоо пайда болду. Өчүп бара жаткан айыл турмушу кайрадан жанданды. 

2004

КФХ «Сафиуллин»

Малы жок кыштак - жетим сыяктуу деп Сафиуллин бир туугандары чечип, 2004-жылы кыштакта «Сафиуллин» дыйкан ферма чарбасы пайда болду. Алгач чарбада каз, коён кармоону аракет кылышкан, коңшу Балтасинск районунан бир нече кой алып келишкен. Бирок бул жандыктар кыштакта байыр албай койгон.

Айрат Сафиуллин буга кейибей, көп өтпөй ал Москвадагы айыл чарба жарманкесинен Романов тукумундагы 6 кичинекей козусу бар кой бүлөсүн алып келген. Бул маалда дыйкан ферма чарбасында жылкылар, герефорд малы болгонуна карабастан, жоон жүндүү (шуба багыты) жана жогорку өндүрүмдүү ача туяк жандыктарды негизги багыт кылып тандап алышкан.

2005

ООО ПХ «Пионер»

Романов тукумундагы койлордун өндүрүштүк багуусунун бардык сырларын билүү максатында башталгыч фермерлер Ярослав жана Иванов облустарындагы генофонддук чарбалар менен кызматташта башташкан. Ал эми 2005-жылы Ярослав облусунун Углич районунун “Родина” айыл-чарба өндүрүш кооперативинен 18 Романов тукумундагы кой алынып келинген. Ошол маалда «Пионер» ЖЧК асыл тукум чарбасы түзүлүп, аны Айрат Сафиуллин өзү жетектеп калган. 

2009

Малдын өсүшү

«Пионер» чарбасында романов тукумундагы койлорду көбөйтүүгө багыт алып, жаңы чөйрөнүн малдын өндүрүмүнө таасир бериши мүмкүн экендигин эске алышты. Ошондуктан селекциялык иштердин баштапкы учурунда болгон көңүлдү малдын жаңы кармоо шарттарына көнүү касиетине бурушту. Мындан кийин токтулардын төлдүүлүгү, козулардын сакталышына көңүлдөрүн бурушкан. Бул жагдайда 2009-жылы сатып алынып, орнотулган «РОМСЕЛ» электронук селекциялык программасы эң туура келди.

2020

Россияда мыкты чарбалардын бири

Саны көп тукум алуусу «Пионер» асыл тукум чарбасына бир нече жылдын ичинде көп сандуу короо кой алууга жол берди. Бүгүнкү күндө бул жерде 1 миң романов тукумундагы кой багылат. Республиканын өндүрүштүк (асыл тукумдуу) программасынын алкагында ишкана жыл сайын бир нече жүз асыл тукумдуу токту жана кочкор сатат. Бардык малдын асыл тукумдук жана ветеринардык күбөлүктөрү бар. 

Сатып алуучулардын саны азайбай келет: учурда кезек эки жылга мурун жазылып, ал эми жергиликтүү койлорду сатып алууга кайрылуулар Россиянын ар кыл аймактарынан жана башка жактардан да түшүп жатат. Мунун таң кала турган жери жок. «Пионер» учурда Россиянын кой багуу бирикмелеринин курамына кирип, Романов Тукумундагы койлорду баккан Татарстандагы жалгыз асыл тукумдуу чарба болуп саналат. Коңшу Самара, Ульяновск, Киров облустарында, Удмуртия, марий Эл жана бир катар региондордо мындай айыр чарбалары жокко эсе.

Башында Пионердеги фермерлерге эч ким ишенген эмес эле. Бардыгы алар кой багып эч нерсе таппай күйүп кетишет деп айтышкан. Керек болсо Арск районунун башчысы Алмас Назиров кыштактын кайра жандануу долбоорун колдогону менен, чарбанын келечегине ишенбей келген.

Кайрылуу калтыруу

Мен өзүмдүн жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн макул

Контакты

Телефону:
Кошумча телефону:
Электрондук почтасы: