«Абердин-ангус» тарыхый тукуму

Историческая порода «Абердин-ангус»

Абердин-ангус – XVII кылымда Шотландиянын Абердин жана Ангус графтыктарында чыгарылган илгерки уй тукуму. Алгач бул тукумду жер айдоого колдонушкан. Эти катуу жана чарымдуу деп тамакка колдонулчу эмес. XIX кылымдын аягында ангустар АКШга Канзас штатына киргизилип, ал жерден аларды асылдаштырышкан. Мында аталган тукумдагы малдын эрте жетилүүсү чоң роль ойноду. Ал эми XX кылымда ангустарды экспортко чыгара башташкан. Ошентип алар Автралияга, Жаңы Зеландияга, Канадага жана Аргентинага келип түшүшкөн. Биздин өлкөдө Абердин-ангус букалары өткөн кылымдын 50-жылдарында пайда болгон.

Тукум жөнүндө

Абердин-ангус тукумундагы буканы башка тукумдардан мүйүзү жоктугу жана кара түсү боюнча айырмалоого болот. Малдын өлчөмү чакан – ангустар өркөчүндө сейрек учурда гана 118 см жетет. Башка тукумдар менен кайчылаштырууда музоолоруна тукумга мүнөздүү касиеттери – мүйүзсүздүгү жана кара түсү берилет. Абердин-ангустар төмөндөгү белгилери менен айырмаланат:

  • томпойгон маңдайы бар кичине башы, кууш желкеси жана кыска тумшугу менен;
  • тарамыштуу далысына жай өткөн кыска жоон мойну менен;
  • көлөмдүү жана чуңкур төшү менен;
  • чоң, булчуңдуу, жумшак жүн каптаган денеси, түз жон аркасы жана өркөчү, түз куймулчагы жана бели менен;
  • кыска келген туяктары менен;
  • ичке жана борпоң тери катмары менен.

Ангустарга тез жетилүү мүнөздүү. Болушунча тез чоңоюп, алар башка өспөй, тез салмак ала башташат. Оңой семиришет. Абердин-ангус – эттүү тукум. Сүт алуу касиеттери начар өрчүгөн.

Өндүрүмдүүлүгү

Жаңы гана туулган музоо жынысына жараша болгону 22-28 кг салмакка ээ болот. Музоолор күн өтүп чоңойбой, саат сайын чоңоюшат – жарым жашта алар 180 кг салмакка ээ болушат. Бир сутканын ичинде жаныбар 1 кг же андан ашык салмак алышы мүмкүн. Чоң малдын салмагы: уйлар - 550 кг чейин, ал эми букалар - 950 кг чейин. Байланып турган чоң буканын салмагы 1 тоннага чейин жетиши мүмкүн. Ангустар ичке жана жеңил сөөктүү. Мунун эсебинен бир малдан 70 % эт алууга болот. Эти – мрамордук уй эти – ичке талчалуу, бир өңчөй май катмары менен, жумшак, жыттуу жана абдан даамдуу.

Артыкчылыктары

Тукум көптөгөн артыкчылыктарга ээ:

  • ар кыл климаттык шарттарга мыкты ыңгайлашуусу;
  • ангусту сүттүү тукум менен кайчылаштырууда алынган жаныбар бул тукумдун мүнөздүү касиеттерине гана ээ болбостон, жетишерлик көлөмдө сүт да бермекчи;
  • ангустар көптөгөн өлкөлөрдө деликатес деп эсептелген абдан даамдуу, көрүнүшү мыкты жогорку сапаттагы мрамордук эт беришет;
  • ургаачы малы эрте жетилип, оңой музоолуу болушат;
  • малдын мүнөзү – жоош жана жумшак мүнөздүү;
  • ангустардын териси кооз, аны баштык жасоодо колдонушат.

Ангустарды башка тукум менен кайчылаштырууда баалуу тукум алууга болот.

Кайрылуу калтыруу

Мен өзүмдүн жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн макул

Контакты

Телефону:
Кошумча телефону:
Электрондук почтасы: