Романов тукумундагы койлорду багуу

Разведение овец Романовской породы

Койлордун Романов тукуму–россиялык кой багуу жаатындагы сыймык болуп саналат. Ал чындыгында бул жааттагы лидер болуп өлкөбүздүн көптөгөн аймактарында багылып келет. Тукумдун пайда болушуна Пётр I өзү көмөктөшкөн деп айтылат, учурунда ал Россияга кой чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн Силезиядан эки койчуну алып келген экен. Романов тукумундагы биринчи койлор 1802-жылы Ярослав губерниясында чыгарылган. Тукумга болгон сурам эки жүз жылдан бери жогорку деңгээлде сакталып келет. Бул тукум россиялык кой өндүрүүчүлөрү тарабынан гана бааланбастан, аны көптөгөн башка өлкөлөрдө да өстүрүп келишет.

Тукум мүнөздөмөсү

Илгери Россияда койлорду Түндүк Кавказ сыяктуу түштүк аймактарында гана багып келишкен. Романов тукумунун өзгөчөлүгү болуп малдын ар кыл климаттык, анын ичинде катаал шарттарга да ылайыкташуусу саналат. Мындан улам Романов тукумундагы койлор Орто тилкеде гана эмес, Урал, Сибирь, Алтай жана керек болсо Камчатка сыяктуу түндүк аймактарда да багылат. Жүндөрү аларды: ысыкта – ысык өтүп кетүүсүнөн, катуу суукта – суук өтүп кетүүсүнөн сактап келет. Койлор -30 °Cболгон суукка да чыдамдуу.

Романов тукумундагы жаныбарлар бат жетилет жана бат эттенишет. 3 айлык козу кезинде 18-20 кг, ал эми 7-9 айында 35-45 кг салмакка ээ болушат. 4 айында жыныстык жактан жетилип, бирок салмагы 40 кг болгондо гана токтуларды качыра башташат. 

Романовтукумундагы койлордун мүнөздөмөлөрү

  • кең көкүрөктүү;
  • арка жону түз;
  • бекем сөөктүү;
  • туяктары түз жана чыйрак;
  • сөөгү бекем жана катуу;
  • булчуңдары жакшы өрчүгөн;
  • тик кулактуу;
  • тулку бою тоголок келген;
  • башы кичинекей жана сүйрү;
  • кыска куйруктуу.  

Токтулары, кочкорлору да мүйүздүү же мүйүзү жок болушу мүмкүн. Асыл тукумдуу койдун орточо салмагы  60-80 кг, кээде 100 кг чейин жетет, ал эми асыл тукум токтулардын салмагы – 45-60 кг, эң көп дегенде 90 кг болот.

Артыкчылыктары

Романовтукумундагы койлордун өзгөчө касиеттери бар. Бул тукумдагы мал кийинкилери менен айырмаланып келет:

  • полиэстрикалдуулугу (көп төлдөшү). Бул касиетине ылайык жылына эки жолу же эки жылда үч жолу тукум берет;
  • бат чоңоюшу жана эрте жетилүүсү. 6 ай ичинде Романов тукумундагы токту 40 кг салмакка чейин жете алат;
  • төлдүүлүгү. Бир төлдө 1 ден 9 козуга чейин болушу мүмкүн;
  • жогорку сапаттагы жүнү, андан жылуу, кооз, бекем жана жеңил буюмдар алынат. 6-8 айлык козулардын жүнү баалуу келет;
  • даамдуу жана жумшак диеталык эти.

Өндүрүм

Төлдүүлүгүнөн улам бул тукум эт өндүрүү жаатында алдыңкы орундарды ээлеп келет – бир ургаачы койго жылына 100 кг чейин туура келет. Салмагы 40 кг болгон козунун бүтүн этинен 20 кг таза эт чыгат. Романов тукумундагы койлор жүн өндүрүүсү багытында да артта калбайт – жылына бир койдон 1,5тен 3,5 кг чейин жүн кыркылат. Романов тукумундагы койдун жүнү жогорку сапатка ээ. Курамында тыбыты көп болгондугу үчүн бааланып келет. Аны кийиз өндүрүшүндө колдонуп, андан жүн жиптерди, жүн кездеме даярдашат.

Романов тукуму сүттүү келбесе да, бул багытты келечектүү деп болжошууда. Сүтү жогорку майлуулугу менен айырмаланат - 6,8 ден 8% чейин. Андан продуктуну көп сарптабастан мыкты сапаттагы быштак алууга болот. Бир кой үч айдын ичинде 120 л ге чейин сүт бере алат, эң жакшы дегенде 150 л.

Кайрылуу калтыруу

Мен өзүмдүн жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн макул

Контакты

Телефону:
Кошумча телефону:
Электрондук почтасы: